Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-01-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 26-январы №26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кайра алынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-статья. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1998-ж. № 9, 325-б) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик кайра структуралашкан заемдун облигациясы (МКСЗО) боюнча карызы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мамлекеттик баалуу кагаздарына өзгөртүп таризделиши мүмкүн".
2. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 619000000,00 сом өлчөмдөгү жөнөкөй вексели Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн башка мамлекеттик баалуу кагаздарга өзгөртүп таризделет.".
2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 18-февралынын №1689-IV "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карызын кайра…Постановление · 18.02.2010 · № 1689
- Постановление Правительства КР от 23 декабря 2002 года №867 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О…Постановление · 23.12.2002 · № 867 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- О реструктуризации долга Правительства Кыргызской Республики перед Национальным банком Кыргызской РеспубликиЗакон · 08.06.1998 · № 75
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана…Закон · 15.03.2010 · № 50
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 23 декабря 2002 года №867 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О…Постановление · 23.12.2002 · № 867 · Күчүн жоготкон