# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 20 КР "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 20 КР "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90974>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14088/edition/443176/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90974.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 20 КР "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (19.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90974

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 19-январы № 20 Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-статья. Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, № 7, 371-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

1. 16-статьясынын 1-бөлүгүнүн 6-пунктундагы "жазасын өтөп бүткүчө же андан бошотулгуча" деген сөздөр "соттолгондугу жоюлганга же алып салынганга чейин" деген сөздөр менен алмашылсын.

2. 19-статьясынын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) эгер Кыргыз Республикасынын аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолушса, жазасын өтөп бүткөндөн кийин.".

2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
