# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №8 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №8 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90962>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14076/edition/400732/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90962.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №8 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" (10.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90962

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 15-январы № 8 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бар болгон мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестринде:

- V бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«V. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, ведомствого караштуу подразделениелер (кошуундар, бөлүктөр, мекемелер),

1. Документтерди тариздөө жана берүү:

- офицерлердин (прапорщиктердин) ким экендиги жөнүндө күбөлүгү, аскердик кызматта жүргөн адамдардан башкасыныкы;

- запастагы офицерлердин, катардагы жана сержанттык курамдын аскердик билеттери, аскердик кызматта жүргөн адамдардан башкасыныкы;

- жоголуп кеткендердин, жараксыз болуп калгандардын ордуна, же чет мамлекетке кетип жаткандарга аскерге чакырылгандардын чакыруу жөнүндө күбөлүгү.

2. Автомобиль транспорт менен жүктөрдү ташуу.

3. Автомобиль техниканы оңдоо.

4. Авиациялык жана авиациялык-техникалык кызмат көрсөтүүлөр.

5. Күйүүчү-майлоочу майларды сактоо, ташуу.

6. Антенналык-фидердик жабдууларды жана уюлдук (мобилдик) байланыштын базалык станцияларынын жабдууларын жайгаштыруу үчүн мачталык түзүлүштөрдү жана жанындагы аймакты берүү.

7. Басмаканалык кызмат көрсөтүүлөр.».

2. Бул токтом 2009-жылдын 10-июлунан баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
