# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 20-апрелиндеги Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын ишке ашыруусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 20-апрелиндеги Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын ишке ашыруусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90960>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14074/edition/362234/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90960.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 20-апрелиндеги Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын ишке ашыруусу тууралуу" токтому (12.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90960

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-январы № 5 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 20-апрелиндеги Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын ишке ашыруусу тууралуу Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүү мектебинин макулдашылган долбоору боюнча, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берген кайтарымсыз каражаттарды өздөштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев бекиткен, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтаонун 2007-жылдын 14-15-августундагы Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитинин жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүүчү мектепти долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болуп Бишкек шаарынын мэриясы аныкталсын.

2. Бишкек шаарынын мэрине Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүүчү мектептин курулуш объектиси боюнча тышкы долбоордун контрактына кол коюу тапшырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүүчү мектепти курууга даярдык көрүүдө Бишкек шаарынын мэриясына ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
