КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 20-апрелиндеги Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын ишке ашыруусу тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-январы № 5 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын 20-апрелиндеги Бишкектеги кытай тилинин мектеби долбоору боюнча экспедиция жүргүзүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын ишке ашыруусу тууралуу Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүү мектебинин макулдашылган долбоору боюнча, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берген кайтарымсыз каражаттарды өздөштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев бекиткен, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Ху Цзиньтаонун 2007-жылдын 14-15-августундагы Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитинин жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүүчү мектепти долбоорлоо жана куруу боюнча заказчы болуп Бишкек шаарынын мэриясы аныкталсын.
2. Бишкек шаарынын мэрине Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүүчү мектептин курулуш объектиси боюнча тышкы долбоордун контрактына кол коюу тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору Бишкек шаарында кытай тилин үйрөтүүчү жалпы билим берүүчү мектепти курууга даярдык көрүүдө Бишкек шаарынын мэриясына ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.