Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2010 жылдын 14 январындагы № 3 «Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-январы № 3
"Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтому менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
3-пункттун "г" пунктчасында:
- он биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствонун директору тарабынан аныкталат" деген сөздөрдөн кийин ", финансылык полиция органдарынын атайын багытталган бөлүмдөрдө - 2008-жылдын 10-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансылык полиция кызматынын төрагасы тарабынан аныкталган шарттарда бөлүмдөрдүн, кызмат орундардын тизмеси боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- он жетинчи абзацта:
- "ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин" деген сөздөрдөн кийин "финансылык полиция органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматына өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.