# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 "Кепилдик кылынган эң төмөнкү киреше жөнүндө" жобосу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 "Кепилдик кылынган эң төмөнкү киреше жөнүндө" жобосу
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 825
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90837>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2630/edition/887567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 "Кепилдик кылынган эң төмөнкү киреше жөнүндө" жобосу (29.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90837

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 825 токтому менен бекитилген Кепилдик кылынган эң төмөнкү киреше жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомунун редакциясына ылайык) Ушул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамга ылайык иштелип чыккан жана аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ар айдагы бир жолку жөлөкпулдун өлчөмдөрүнүн колдонулуп жүргөн көрсөткүчү катары кепилдик кылынган эң төмөнкү кирешени аныктоонун тартибин белгилейт.

1. Кепилдик кылынган эң төмөнкү киреше жөнүндө түшүнүк

1. Кепилдик кылынган эң төмөнкү киреше - бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленүүчү каржы мүмкүнчүлүгү менен экономиканын абалын эске алуу менен аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө кошумча камсыз кылууга мүмкүндүк берген жашоого зарыл киреше.

Коомдун өнүгүшүнө жараша кепилдик кылынган эң төмөнкү киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмгө жакындашы, андан соң ашышы керек.

2. Кепилдик кылынган эң төмөнкү киреше аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү үчүн үй-бүлөнүн керектөө деңгээлин эсепке алуу менен мамлекеттик жөлөкпул системасы аркылуу колдонулат.

2. Кепилдик кылынган эң төмөнкү кирешенин түшүнүгүн киргизүү максаттары

Кепилдик кылынган эң төмөнкү кирешенин түшүнүгүн киргизүү максаттары төмөндөгүлөр:

- аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ар айдагы жөлөкпул өлчөмүн белгилөө;

- аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө тиешелүү деңгээлдеги социалдык коргоону камсыз кылуу.

3. Кепилдик кылынган эң төмөнкү кирешенин эсебин чыгаруунун тартиби

1. Кепилдик кылынган эң төмөнкү кирешенин эсебинин негизин төмөндөгү көрсөткүчтөр түзөт:

- мамлекеттин каржы-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү - аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ар айдагы жөлөкпул төлөөгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын көлөмү;

- ар айдагы жөлөкпулдарды алуучу аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөрдүн саны - тиешелүү жылга карата мамлекеттик жөлөкпулга зарыл болгон алуучулардын такталбаган саны;

- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн орточо айлык кирешеси - мурунку жылда ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөнүн такталган орточо кирешеси.

2. Аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөнүн ар айлык жөлөкпул алуучулардын санын тактоо жана алардын кирешелеринин такталган деңгээли керектөөнү аныктоонун колдонуудагы жол-жобосунун негизинде жүргүзүлөт.

3. Кепилдик кылынган эң төмөнкү киреше (КТК) төмөнкү формула боюнча эсептелет.

Ф - бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын көлөмү; ОАК - аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө орточо айлык кирешеси; К1 - аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөрдүн ар айлык жөлөкпул алуучуларынын болжолдуу саны; (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту) К3 - эгиздерге жөлөкпул алуучулардын болжолдуу саны; К4 - үч жана андан көп эгиздердин жөлөкпул алуучулардын болжолдуу саны; К5 - 3 жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуучулардын болжолдуу саны; 12 - жылдагы айлардын саны. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кепилдик кылынган эң төмөнкү кирешени бекитүү жана анын колдонулуучу убактысы

Кепилдик кылынган эң төмөнкү кирешенин нарктык чоңдугу жыл сайын социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аркылуу жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
