Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-июнундагы № 1293-VII токтомунун аткарылышы тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 26-октябры № 1550-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-июнундагы № 1293-VII токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-июнундагы № 1293-VII токтомунун аткарылышы тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт. Ушул токтом "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында кабыл алынган. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-июнундагы № 1293-VII токтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан өз убагында жана талаптагыдай аткарылбагандыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-июнундагы № 1293-VII токтомун аткаруу боюнча иштер жетишсиз деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жогоруда аталган токтомду өз убагында аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн.
3. Аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аралык маалыматты берсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-июнундагы № 1293-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине, Социалдык саясат боюнча комитетине, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн."
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары
Дж.Исаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-июнундагы № 1293-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн…Постановление · 21.06.2023 · № 1293-VII
- Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы N 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамыПостановление · 16.06.2022 · № 341-VII
- Кесиптик бирликтер жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 130