# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1548-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1548-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1548
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90716>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15051/edition/1289342/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90716.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1548-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (26.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90716

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 26-октябры № 1548-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Исатбек кызы Аида Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамдарынан чыгарылсын;

2) Тентишев Бакыт Эркинович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жиберилсин;

3) Атамбаев Сеидбек Алмазбекович саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиядан чыгарылып укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.

2. "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 48-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Маматалиев Марлен Абдырахманович Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана курчап турган чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын курамдарынан чыгарылсын;

2) Примов Улан Бердибаевич Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана курчап турган чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссияга жиберилсин.

3. "Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 50-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Маматалиев Марлен Абдырахманович Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.

4. "Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 51-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Тентишев Бакыт Эркинович Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;

2) Исатбек кызы Аида Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.

Төрагасынын орун басары

Дж.Исаева
