# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1540-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1540-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1540-VII
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90715>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15050/edition/1288738/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90715.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1540-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (26.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90715

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 26-октябры № 1540-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай маселелер; "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км" долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-июнундагы № 1293-VII токтомунун аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

Төрага

Н.Т. Шакиев
