# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1549-VII
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90714>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15049/edition/1288956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90714.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (26.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90714

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 26-октябры № 1549-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кызматтык иш сапарларынын чыгымдарынын ордун толтуруу ченемдерин актуалдаштыруу жана уюштурууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Аппараты менен Иш башкармасынын кызматкерлерине ишсапар чыгымдарын төлөө тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 24-майындагы № 289-III токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 829-VI токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 829-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3142-VI токтому.

3. Ушул токтом Жобонун 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 3.2-пунктун кошпогондо, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Дж.К. Исаева
