Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1491-VII
“2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 11-июлундагы чыг. № 28-5832) “2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздѳрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 5 жумуш күндүн ичинде жиберсин. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары Дж.К. Исаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.