# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1497-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1497-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1497-VII
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14974/edition/1284952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1497-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (11.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90631

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 11-октябры № 1497-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Самаков Кубанычбек Карганбекович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жиберилсин.

2. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 47-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Бакиров Өмүрбек Мирзараимович Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.

Төраганын орун басары

Дж.К. Исаева
