# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 1434-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О.Култаеваны Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 1434-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О.Култаеваны Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1434-VII
- Кабыл алынган күнү: 20.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90599>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14943/edition/1282314/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90599.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 1434-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О.Култаеваны Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому (20.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90599

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 20-сентябры № 1434-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О.Култаеваны Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гулшаркан Оконовна Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Култаева Гулшаркан Оконовна - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;".

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
