# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 1439-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген, "Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 1439-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген, "Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1439-VII
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90597>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14941/edition/1282310/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90597.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 1439-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген, "Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому (21.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90597

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-сентябры № 1439-VII

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген, "Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1) А.Т.Түмөнбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;

2) А.Б.Кенжебаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

3) А.А.Гайыпов - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлчүлүгүнүн эксперти;

4) Ч.Д.Макешов - Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

5) М.А.Алияскаров - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

6) Ж.Б.Орозбаев - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары.

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага карата түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
