# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 1034-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 1034-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1034-VII
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90562>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14908/edition/1285032/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90562.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 1034-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (16.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90562

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 16-марты № 1034-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай маселелер; "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII жана 2022-жылдын 8-декабрындагы № 719-VII токтомдору менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2023, 2024 жана 2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерликтерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 821-VII токтому менен Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктеринин одоно түрдө бузулушу тууралуу түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна Тургунбаев Мелис Жусупжановичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 971-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

Төрага

Н.Т.Шакиев
