# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 1056-VII "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 1056-VII "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1056-VII
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90557>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14903/edition/1284950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90557.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 1056-VII "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90557

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 6-апрели № 1056-VII

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-статьяларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысы А.У.Жапаровдун кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Акциялардын кеминде 93,72 пайызын мамлекеттик менчикте сактап калуу менен "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын 1-ноябрына ушул токтомдун аткарылышы боюнча жасалган иштердин натыйжалары тууралуу маалымат берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

Н.О.Сыдыгалиев
