# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №833 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №833 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 833
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14065/edition/1157152/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №833 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому (29.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90479

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 29-декабры №833 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.А.Куликова, Г.Т.Дербишева, Г.Т.Султаналиева, Ж.Т.Рахимдинова жана Ж.Каниметов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун колдобойт.

2. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

3. Көрсөтүлгөн корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №833 токтому менен жактырылган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.А.Куликова, Г.Т.Дербишева, Г.Т.Султаналиева, Ж.Т.Рахимдинова жана Ж.Каниметов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди. Бул Мыйзам долбоорунда мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарын атайын каражаттарга болгон 20 пайыз өлчөмүндөгү салыктан бошотуу максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 378-статьясына (Салык төлөөчү) толуктоо киргизүү каралат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт. Салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына берилген салыктык жеңилдиктер салык төлөөнүн негизги принциптеринин бирин - салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн бирдей шарттарды түзүүнү жана айрым салык төлөөчүлөрдүн ортосунда салыктарды бөлүштүрүү механизмин акыйкаттык принциби боюнча түзүүнү көздөгөн адилеттүүлүк принцибин бузууга алып келет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, атайын каражаттарга салыктан бошоткон учурда альтернативдүү булактар тарабынан компенсацияланбай турган бюджеттин жоготуулары республикалык бюджеттен каржылануучу мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери боюнча эле 1 млн. ашуун сомду түзөт. Экономикалык иш-аракеттин бир түрүнө салыктык жеңилдиктерди берүү менен мамлекет алынбай калган кирешелерди толуктоо үчүн иш-аракеттин башка түрлөрү үчүн салыктык төлөмдөрдү жогорулатууга мажбур болот. Ушуга байланыштуу "Финансылык тартипти чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-майындагы N 256 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган кирешелерди кыскартууга же чыгашаларды көбөйтүүгө алып келүүчү мыйзамдар менен токтомдорду кабыл алууда бир эле мезгилде республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр менен толуктоолорду кийин киргизүү менен аларды жабуу булактарын аныктоо сунушталган. Баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунуш кылынган Мыйзам долбоорун кабыл алууну колдобойт.
