# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №832 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы №471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №832 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы №471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 832
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90478>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14064/edition/365241/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90478.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №832 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы №471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (29.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90478

---

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2009-жылдын 29-декабры №832 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы N 471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу иш-чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну андан ары камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы №471 "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- бардык текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4.1-пункттагы "жана Ош облустук маданият башкармасы" деген сөздөр алып салынсын;

- 4.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4.2. Башкы директорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.";

- 4.5-пункттун төртүнчү абзацы "түзүмүн" деген сөздөн кийин "жана штаттык расписаниесин эмгек акы төлөө фондусунун чегинде" деген сөздөр менен толукталсын;

6.1-пункттун үчүнчү абзацындагы "облустук маданият башкармасынын жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
