# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №829 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №829 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 829
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90475>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14061/edition/386545/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90475.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №829 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө" токтому (22.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90475

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы N 477 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 29-декабры №829 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоо жана реабилитациялоо борборунун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо функцияларын өткөрүп алуу менен укуктук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө:

- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды кабыл алсын;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
