# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 "Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 "Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 825
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90471>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14057/edition/887561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90471.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 "Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө" (29.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90471

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 29-декабры №825 Кепилденген эң төмөнкү кирешени белгилөө жөнүндө (2010-жылдын 20-июлундагы №131 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №508 "Мамлекеттик жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кепилденген эң төмөнкү киреше жөнүндө жобо бекитилсин.

2. (2010-жылдын 20-июлундагы №131 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги:

- кепилденген эң төмөнкү кирешени жыл сайын эсептесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берсин;

- кепилденген эң төмөнкү кирешени эске алуу менен балалуу аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайынкы жөлөкпулга кайра эсептөө жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги:

- кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүн көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен керектүү финансылык каражатты өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын:

- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда керектүү каражаттарды караштырсын.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-апрелиндеги № 231 "Керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээлин белгилөө жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-октябрындагы № 614 "Керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
