# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №819 "Мамлекеттик мүлктү ижаралоо маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №819 "Мамлекеттик мүлктү ижаралоо маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 819
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90466>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14052/edition/619993/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90466.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №819 "Мамлекеттик мүлктү ижаралоо маселелери жөнүндө" токтому (30.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90466

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 29-декабры №819 Мамлекеттик мүлктү ижаралоо маселелери жөнүндө Мамлекеттик имараттарды (жайларды) пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик имараттарды (жайларды) ижарага берүүдөн республикалык бюджетке кирешелердин түшүүсүн көбөйтүүнү камсыз кылуу, ошондой эле ижара мамилелерин натыйжалуу жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Мамлекеттик, анын ичинде административдик имараттарды (жайларды) пайдалануу, ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо;

- Мамлекеттик, анын ичинде административдик имараттарды (жайларды) пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускама;

- Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана аны пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускама.

2. Министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик кызматтар, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик мекемелер жана уюмдар алардын балансында турган мамлекеттик имараттарды (жайларды), башка министрликтерге, административдик ведомстволорго, мамлекеттик кызматтарга, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелерге, уюмдарга ижарага берүүдө, эксплуатациялоо чыгашаларынан башка ижара акысын алууга жол берилбестиги белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Мамлекеттик мүлктү ижаралоо жана мамлекеттик административдик имараттарды пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-сентябрындагы №668 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 4-декабрындагы №126 буйругун ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-майындагы №754 токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
