# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №814 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №814 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 814
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14047/edition/1181953/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №814 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна (01.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90461

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2009-жылдын 29-декабры №814 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы N 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген айрым категориялардагы кызматкерлердин эмгектерине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №22 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтомго №1 тиркемеде:

3-пункттун "диктофон кызматынын машинисткасынын," деген сөздөрдөн кийин "көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын, электрондук-эсептөөчү машинанын (ЭЭМ), жеке эсептөөчү машинанын (ЖЭМ) оператору," деген сөздөр менен толукталсын;

- аталган токтомго №3 тиркемеде:

"/Жеңил автомобилдин айдоочусу /1700/" деген сап алып салынсын; аталган токтомдун №3 тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Жеңил автомобилдин айдоочусунун кызматтык маянасы адистин кызматтык маянасынан 15 пайызга аз белгиленет".

2. Жеңил автомобилдин айдоочусунун жана көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын, электрондук-эсептөөчү машинанын (ЭЭМ), жеке эсептөөчү машинанын (ЖЭМ) операторунун маяналарынын көбөйүшү менен байланыштуу кошумча чыгымдар мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
