Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Астана шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 25-декабры №808 "Астана шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Астана шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Астана шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. Астана шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө казакстан тарабына билдирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 2
Документке шилтеме берген актылар (1)
Документ шилтеме берген актылар (1)
Байланышкан документтер (2)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон