# КР Окмотунун 2009-жылдын 22-декабрындагы № 798 "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Ош электр" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин сатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Окмотунун 2009-жылдын 22-декабрындагы № 798 "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Ош электр" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин сатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 798
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14034/edition/1143052/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Окмотунун 2009-жылдын 22-декабрындагы № 798 "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Ош электр" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин сатуу жөнүндө" токтому (22.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90445

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 22-декабры № 798 "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Ош электр" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин сатуу жөнүндө "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 2003-III "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө жана төртүнчү этабын бекитүү тууралуу" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобонун 42-1 пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Ош электр" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттери (ар бир акционердик коомдун уставдык капиталынын 89,49 проценти) баасы белгиленбестен инвестициялык конкурстарга коюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги белгиленген тартипте "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин (ар бир акционердик коомдун уставдык капиталынын 89,49 проценти) баасын белгилебестен даярдасын жана сатуу боюнча инвестициялык конкурстарды өткөрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 621 "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Ош электр" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин сатуу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
