# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №796 "«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №796 "«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 796
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14032/edition/389836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №796 "«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (22.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90443

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 22-декабры № 796 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттерине Казакстан Республикасынын менчик укугун жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын

мыйзамы

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу»

(2009-жылдын 22-декабры)

1-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө келишим ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө казак тарапка билдирсин. 3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
