# КР Ɵкмɵтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787 "Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787 "Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 787
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90434>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14023/edition/406297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90434.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787 "Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90434

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №119 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 18-декабры № 787 Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 токтомунун 1 жана 4-пункттары;

- "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июлундагы № 293 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 125 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы № 617 токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 787 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруунун сунушталган СХЕМАСЫ

| Министр ├───────\> | Коллегия |
| --- | --- |

v ┌──────────────────────────────────┐ ┌──────┤ Министрликтин борбордук аппараты ├──────┐

| └───────────────────────┬──────────┘ |  |
| --- | --- |

v v v

| Республикалык ведомстволук Кесиптик жогорку окуу жайлары Кесиптик орто окуу жайлары "Жаштык" спорттун ден соолукту чыңдоо мекемеси Балдар үйлөрү жана ошондой эле ата-энесинин кароосуз калган балдар үчүн жана жетим балдар үчүн жатак-мектептери Республикага баш ийген адистештирилген жатак-мектептер Республикага баш ийген жатак-мектептер Республикага баш ийген гимназиялар Республикага баш ийген лицейлер Республикалык мектептен тышкары мекемелер Кыргыз билим берүү академиясы "Кут билим" газетасынын, "Билим агартуу" жана "Русский язык в школах Кыргызстана" журналдардын редакциялары Курулуш жана капиталдык оңдоо боюнча башкармалык Кадрларды кайра даярдоо жана дасыктыгын (квалификациясын) жогорулатуу борборлору Областтар аралык психологиялык- медициналык-педагогикалык консультация (масилет берүү) Республикалык мектептен тышкаркы мекемелерди жана областтык илим берүү мекемелерди тейлөөчү борборлоштурулган бухгалтериялар Областтык мектептен тышкаркы мекемелер Мугалимдердин билимин жогорулатуучу институттар, билим берүүнүн методикалык борборлору (окуу-методикалык кабинеттер) | └────────────────┘ v ┌─────────────────┐ └─────────────────┘ | Билим берүү мекемелерин (уюмдарын) аттестациялоо, жана аккредитациялоо, лицензия берүү боюнча мамлекеттик инспекция Жалпы билим берүүчү мектептер Мектепке чейинки балдар мекемелери Райондук мектептен тышкаркы мекемелери | └────────┬────────┘ | Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктары райондордун (шаарлардын) билим берүү бөлүмдөрү (борборлору) |
| --- | --- | --- | --- | --- |
