# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №781 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №781 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 781
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90428>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14017/edition/1157136/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90428.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №781 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (18.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90428

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 18-декабры № 781 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөр болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 3, 93-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-беренеде:

биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделген жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат."; экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик зарыл жол-жоболору жасалган эл аралык макулдашууда же келишимде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-берененин экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;

- 41-берененин биринчи бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
