# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №778 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №778 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 778
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14014/edition/1157130/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №778 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (18.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90425

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 18-декабры № 778 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөр болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2001-ж., № 6, 188-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 8-берене төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоонун жана сарамжалдуу пайдалануунун эрежелерин белгилөө, жаратылыш өсүмдүктөрүнүн ресурстарын пайдалануунун лимиттерин жана нормативдерин аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндөгү жобону бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилүүгө тийиш болгон өсүмдүктөр дүйнөсүнүн өтө сейрек жана жок болуп кетүү коркунучу астында турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү.";

- 9-берене күчүн жоготту деп табылсын;

- 11-берененин бешинчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-берененин төртүнчү бөлүгү "ченемдик" деген сөздөн кийин "укуктук" деген сөз менен толукталсын;

- 15-берененин биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 20-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү "Кыргыз Республиканын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 23-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 27-берененин экинчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
