# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №777 "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №777 "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 777
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14013/edition/1157128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №777 "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (18.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90424

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2009-жылдын 18-декабры № 777 "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөр болууга дайындалсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 9, 316-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 7-беренедеги "Мамкомиссия тарабынан белгиленген формага ылайык анын алдында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү органдарынын алдында отчет берет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген формага ылайык тиешелүү мамлекеттик органдардын алдында отчет берет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 8-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

- 14-беренедеги "баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 20-берененин биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 21-берененин экинчи бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 36-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо органынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органынын, Башкы прокуратурасынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик юстиция органынын ченемдик актысы менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 37-берененин экинчи бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо органынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органынын, Башкы прокуратурасынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик юстиция органынын жана Жогорку Сотунун ченемдик актысы менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 40-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо органынын, Башкы прокуратурасынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик юстиция органынын жана Жогорку сотунун ченемдик актысы менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
