# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №772 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №772 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 772
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14008/edition/1157122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №772 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (18.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90419

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 18-декабры № 772 "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөр болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-жыл, № 5, 474-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 32-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.";

- 45-берененин алтынчы бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;

- 64-берененин төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Облустун мамлекеттик администрация башчысы райондун мамлекеттик администрация башчысынын мыйзамдарга каршы келген актыларын колдонууну, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана прокуратура органдарына билдирүү менен алар тарабынан зарыл чаралар көрүлгөнгө чейин токтото турууга укуктуу.";

- 66-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"66-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын актылары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат.";

- 69-берененин аталышындагы "ченемдик укуктук" деген сөздөр алып салынсын.

2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
