# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 769 " "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жонундо" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 769 " "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жонундо" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 769
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14005/edition/1157120/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 769 " "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жонундо" токтому (18.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90416

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 18-декабры № 769 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалышсын.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 79-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-берене. Изин суутпай издөө ишинин укуктук негизи

Изин суутпай издөө ишинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары эсептелет.";

- 7-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү "ведомстволор аралык ченемдик актылар жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ортосундагы макулдашуулар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 9-беренеде:

экинчи бөлүктөгү "ведомстволук ченемдик актылар" деген сөздөр "изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн мамлекеттик тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; алтынчы бөлүктөгү "баңгизаттарды контролдоо боюнча органынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын" деген сөздөр "жазык аткаруу тутумунун органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-берененин экинчи бөлүгүндөгү "Изин суутпай издөө иш-чаралары изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик актыларында каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-берененин экинчи бөлүгүндөгү "ведомстволук ченемдик актылар" деген сөздөр "изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн мамлекеттик тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын актылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 14-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "ведомстволук ченемдик актыларда каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 16-беренеде:

биринчи бөлүктүн 7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" жана "жана өздүк коопсуздук кызматынын" деген сөздөр алып салынсын; биринчи бөлүктүн 9-пункту күчүн жоготту деп табылсын; экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды контролдоо боюнча органы жана" деген сөздөр алып салынсын; төртүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын; бешинчи бөлүк күчүн жоготту деп эсептелсин; тогузунчу бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" жана "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
