# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 767
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90414>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14003/edition/1202148/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтому (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90414

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 18-декабры № 767 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 343, 2012-жылдын 10-январындагы № 2, 2013-жылдын 19-августундагы № 465, 2015-жылдын 13-майы № 288, 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 564, 2018-жылдын 22-мартындагы № 148 , 2018-жылдын 15-августундагы № 375, 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686, 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 236 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматчыларына азык-түлүк паектун ордуна акчалай компенсациянын нормасы суткасына 256 сом өлчөмүндө белгиленсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын азык-түлүк паегунун ордуна компенсация төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фондунун каражаттарынан жүргүзсүн.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-марттагы № 88 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июндун № 361 токтомунун 2-пункту.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-августундагы № 375 токтомунун редакциясына ылайык)
