# КР Окмотунун 2009-жылдын15-декабрындагы № 765 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Окмотунун 2009-жылдын15-декабрындагы № 765 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 765
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14001/edition/1157118/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Окмотунун 2009-жылдын15-декабрындагы № 765 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (15.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90412

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 15-декабры № 765 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 81-берененин (4) бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4) пункт менен толукталсын: "4) Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн декларация".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 220-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6) пункт менен толукталсын: "6) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан белгиленген учурларда".

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 553-1-берене төмөнкүдөй сөздөр менен толукталсын ", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн декларацияларды кошпогондо.".

4-берене.

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 8-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Жеке жактардын жана мамлекеттик кызматчылардын - Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү салык декларациясын салыктык контролдоо "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматкерлер менен жеке жактардын 2009-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-июнь 2010-жылга чейин деп белгиленсин".

5-берене.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 35-беренеде: экинчи абзац төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн декларация тактоого жатпайт."; төртүнчү абзац төмөнкүдөй мазмундагы г) пункт менен толукталсын: "г) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик кызматчынын жана анын үй-бүлөсүнүн жакын мүчөлөрүнүн мүлктөрү жана кирешелери жөнүндө.".

6-берене.

"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 3-берененин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй сөздөр менен толукталсын: ", Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан тышкары;".

7-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
