# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 764
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90411>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14000/edition/1051674/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90411.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтому (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90411

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 15-декабры № 764 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №112, 2017-жылдын 31-майындагы № 314, 2017-жылдын 14-июлундагы № 432, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишин оптимизациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин маселелери" № 612 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин маселелери" № 612 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 224 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин жаза аткаруу тутумун реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" № 523 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери жөнүндө" № 280 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" № 548 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин маселелери" № 612 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 408 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин маселелери" № 612 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-январындагы № 2 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин маселелери" № 612 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 650 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" № 278 токтомунун 2-пункту.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 784 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
