# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 757
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90404>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13993/edition/417626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90404.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90404

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 15-декабры №757 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №258, 2012-жылдын 15-февралындагы №96 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча функциялардан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп эсептелет.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 585 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги №139 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №170 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 токтомунун 11-пункту.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №258, 2012-жылдын 15-февралындагы №96 токтомунун редакциясына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт ├──\> мамлекеттик агенттиги | Коллегия |  |
| --- | --- | --- |

V

| Борбордук аппарат |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| ┌──────────────────────────────┐ Дене тарбия жана спорттун аймактык бөлүмдөрү └──────────────────────────────┘ ┌──────────────────────────────┐ Кыргыз Республикасынын тандалма командаларын олимпиялык даярдоо борбору └──────────────────────────────┘ V ┌──────────────────────────────┐ Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиялык резервдеги окуу жайы └──────────────────────────────┘ V ┌──────────────────────────────┐ Кыргыз Республикасында Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбор └──────────────────────────────┘ балдар-өспүрүмдөр мектеби 6. Кыргыз Республикасынын Түштүк региону боюнча дене тарбия даярдыгынын балдар-өспүрүмдөр клубу 7. Кыргыз Республикасынын Түштүк региону боюнча олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр адистештирилген мектеби 8. А.Момунов атындагы Футбол боюнча облустук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби | ┌──────────────────────────────┐ \<──┼──\> └──────────────────────────────┘ ┌──────────────────────────────┐ \<──┼──\> боюнча олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби 2. Республикалык адистештирилген оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча балдар-өспүрүмдөр мектеби олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби 4. Республикалык адистештирилген спорттун суудагы түрлөрү боюнча олимпиялык резервдеги | "Спорттук курулмалар жана адистештирилген спорттук күрөш күрөшү, самбо, аялдар күрөшү) 3. Республикалык адистештирилген ат спорту жана азыркы беш таймаш боюнча олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби 5. Республикалык адистештирилген футбол боюнча | спорттук камсыздоо башкармалы- гы" мамлекеттик ишканасы 1. Республикалык (дзюдо, эркин күрөш, грек-рим |
