# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы N 751 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы N 751 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 751
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13988/edition/391648/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы N 751 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90398

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №126 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 8-декабры № 751 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө:

- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүүнү караган нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомунун 11-пункту.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 751 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Архитектура жана курулуш мамлекеттик

агенттигинин башкаруу

СХЕМАСЫ

(2010-жылдын 9-ноябрындагы №274 токтомунун редакциясына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| Мамкурулушу |  |  |  |
| Коллегия +-----+----- | Шаар куруу кеңеши |  |  |
| Борбордук аппарат |  |  |  |
| Шаар куруу жана архитектура |  |  | Сейсмотуруктуу курулуш боюнча |
| боюнча аймактык органдар +---+---- | Кыргыз илим изилдөө жана |  |  |
|  |  |  | долбоорлоо институту |
| Бишкек Ош шаарларынын |  |  | Шаар куруу боюнча Кыргыз |
| Мамлекеттик архитектура +---+---- | илим-изилдөө долбоорлоо |  |  |
| жана курулуш көзөмөлү |  |  | институту |
| боюнча региондор аралык, |  | +-----------------------------+ |  |
| аймактык органдары |  | +-----------------------------+ |  |
| +---------------------------+ +---- | Мамлекеттик экспертизалар |  |  |
|  | департаменти |  |  |
| Турак жай-жарандык курулуш+---+---- | Курулуштагы сертификациялоо |  |  |
| башкармалыгы |  |  | республикалык борбору |
| +---- | "Кыргыз курорттуризм ИИДИ" |  |  |

Премьер-министри

Д.Үсөнов
