# КР Окмотунун 8-декабрындагы 2009-жылдын "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Окмотунун 8-декабрындагы 2009-жылдын "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 746
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13983/edition/741240/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Окмотунун 8-декабрындагы 2009-жылдын "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтому (09.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90393

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 8-декабры № 746 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 188, 2011-жылдын 5-июлундагы № 364, 2012-жылдын 4-июлундагы № 466, 2014-жылдын 10-октябрындагы № 595, 2015-жылдын 31-марты № 173 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация департаменти Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги болуп өзгөртүп түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төмөнкүлөрдү бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасын түзүп, автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча иштерди аткаруучу структураларды анын карамагына өткөрүп берүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-августундагы № 418 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-январындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-майындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Д. Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана

коммуникациялар министрлигинин

БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 188, 2011-жылдын 5-июлундагы № 364, 2012-жылдын 4-июлундагы № 466, 2014-жылдын 10-октябрындагы № 595, 2015-жылдын 31-марты № 173 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

| \| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана \| \| коммуникациялар министрлиги \| |  |
| --- | --- |
| \| Борбордук аппарат \|────\| Коллегия \| |  |
| ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ \|Жарандык авиация агенттиги\|─ ─ ─┼ ─ ─ ─\| "Кыргыз почтасы" \| \| \| └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ \| Жол чарба департаменти \|─ ─ ─┼ ─ ─ ─\| "Өкмөттүк байланыш" \| \| \| └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ \| "Кыргызаэронавигация" \|─ ─ ─┼ ─ ─ ─\| "Атайын байланыш" \| \| мамлекеттик ишканасы \| └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ \| "Ысык-Көл кемечилиги" \| ├ ─ ─ ─\| "Кыргыз маркасы" \| \| өндүрүштүк бирикмеси \|─ ─ ─┤ \| мамлекеттик ишканасы \| \| мамлекеттик ишканасы \| └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ ├ ─ ─ ─\| Мамлекеттик фельдъегер \| \| "Кыргыздортранспроект" \| \| долбоорлоо-изилдөө \|─ ─ ─┤ └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ \| институту \| └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ | ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ \| мамлекеттик ишканасы \| └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ \| мамлекеттик ишканасы \| └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ \| мамлекеттик ишканасы \| └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ \| кызматы \| (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-октябрындагы № 595 токтомуна |

┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ ├ ─ ─ ─ ылайык күчүн жоготту)

```text
|Мамлекеттик автовокзалдар | │
| жана автостанциялар |─ ─ ─│
| ишканалары | │
└ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ │
```

┌.─.─.─.─.─.─.─.─.─.─.─.─.─┐ ├ ─ ─ ─(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын

| "Кыргыз темир жолу УК" .─.─.─ . мамлекеттик ишканасы └.─.─.─.─.─.─.─.─.─.─.─.─.─┘ ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ \| Автомобиль жана сууда \| ├ ─ ─ ─\| контролдоо департаменти \| \| жүрүүчү транспортунун \|─ ─ ─┘ \| \| \| мамлекеттик агенттиги \| └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘ | 10-октябрындагы № 595 токтомуна ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ \| Салмак-габариттик \| | ылайык күчүн жоготту) |
| --- | --- | --- |
| ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐ \|Кыргыз Республикасынын \| ├ ─ ─ ─ \|Транспорт жана коммуникаци\|─ ─ ─┘ \|лар министрлигинин алдын- \| \|дагы «Транском» мамлекет- \|─ ─ ─┘ \|тик мекемеси \| |  |  |

─ ─ ─ ─ ─ ─ Саясат жүргүзүү жана түз башкаруу. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-октябрындагы № 595, 2015-жылдын 31-марты № 173 токтомдорунун ылайык)
