# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 739
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13976/edition/375535/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (22.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90381

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 66 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 8-декабры № 739 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Оюн-зоок клубдардын кызматын көрсөтүүчү субъекттер тарабынан бюджетке салыктык төлөмдөрдүн түшүүсүн администрациялоону жакшыртуу жана көбөйтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 354-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы № 125 пункт менен толукталсын:

"

125

Акчалай эмес утуштарды берчү оюн аппараттарды пайдалануу менен кызмат көрсөтүү (орнотулган 1 оюн аппарат үчүн)

92.72

4000

".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишкердиктин түрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасын бир апталык мөөнөттүн ичинде, иш кайсы жерде жүргүзүлөөрүнө жараша бекитсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
