# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 733
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13970/edition/439997/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90371

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №114 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-декабры №733 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 269, 2012-жылдын 15-февралындагы №95 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү тууралуу" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо;

- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 269 токтомуна ылайык күчүн жоготту);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 269, 2012-жылдын 15-февралындагы №95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгынын укук мураскору болуп санала тургандыгы.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомстволук уюмдарын күтүүгө чыгашаларды каржылоо булактары республикалык бюджет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактары болуп саналаары аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-апрелиндеги № 104 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июлундагы № 387 "Депозиттерди коргоо боюнча агенттикти түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-майындагы № 359 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-майындагы № 359 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 479 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 269, 2012-жылдын 15-февралындагы №95 токтомунун редакциясына ылайык)

| Борбордук аппарат ├──────┤ Коллегия |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| ┌───────┴───────┐ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти └───────────────┘ | ┌──────┴────────┐┌──────┴────────┐┌───────┴───────┐ └───────────────┘└───────────────┘└───────────────┘ |  | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Окуу борбору |  | "Инфо-Система" Мамлекеттик ишканасы |  | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду |
| Аймактык органдар |  |  |  |  |  |  |  |
