# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 732 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 732 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 732
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13969/edition/439991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 732 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому (04.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90370

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 276 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-декабры № 732 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдүн укук мурастоочусу болуп эсептелээри белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин;

- антимонополиялык жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар жагындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте даярдоо жана киргизүү;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-апрелиндеги № 130 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 токтомунун 10-пункту.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 732 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ

┌──────────────────┐ ┌──┤ ДИРЕКТОР ├──┐

| ┌─────────────────┐ Коллегия ├──┘ └─────────────────┘ └────────┬─────────┘ ┌─────────┐ Борбордук├──────────────────────┘ аппарат └─────────┘ ┌───────────────┐ Чүй-Талас ├───┤ облустук бөлүмү └───────────────┘ ┌───────────────┐ Ош-Баткен ├───┘ облустук бөлүмү | Директордун орун басары ┌──────────────────┬───────┴───────────┐ ┌──────────────┐ Бишкек шаардык├──┤ └──────────────┘ ┌──────────────┐ Ош шаардык ├──┘ | Статс-катчы └──┤Аймактык органдар └────────┬────────┘ ┌───────────────┐ Ысык-Көл-Нарын ├──┤ └───────────────┘ ┌───────────────┐ Жалал-Абад ├──┘ бөлүмү | бөлүмү | ┌─────────────────┐ облустук бөлүмү |  | облустук бөлүмү |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
