# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабры № 730 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабры № 730 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 730
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90369>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13968/edition/405858/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90369.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабры № 730 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90369

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №118 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-декабры № 730

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.

3. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралдагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-июлундагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ

| Коллегия ├───────┤ Саламаттык сактоо министрлигинин |  | Кыргыз Республикасынын борбордук аппараты |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  |  |  |  |  |  |
| ┌─────┤ Ведомстволук └──────────────┘ └─────┬─────┘ └───────────────────┘ ┌──────────────────────┐ ┌──────┴───────┐┌──────────────────────┐ ├──┤ эпидемиологиялык └──────────────────────┘ ┌──────────────────────┐ └──┤ жана медициналык техника департаменти └──────────────────────┘ сактоо уюмдары | департаменттер Мамлекеттик санитардык көзөмөл департаменти сактоо департаменти Дарылык камсыздоо ┌──────────────────────┐ райондук саламаттык ├──┘ | Аймактык шаарынын └──────────────┘└──────────────────────┘ Облустук, шаардык, | бөлүмдөр Бишкек Саламаттык таандык саламаттык сактоо уюмдары | Саламаттык сактоо ├──┐ министрлигине түз баш | уюмдары Саламаттык сактоо ийген ведомствого ├──┤ |  |
