# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №728 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №728 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 728
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13965/edition/442851/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №728 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90366

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №133 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-декабры № 728 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун укук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:

- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун тиркемесинин 2-пункту.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 728 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун башкаруу СХЕМАСЫ

| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |  |  |
| --- | --- | --- |
| Борбордук аппарат ├───┤милдеттүү медициналык |  | Саламаттык сактоо реформасы жана камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңеш |
| Аймактык башкармалыктар |  |  |
