Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 февраля 2012 года №133 "О Фонде обязательного медицинского страхования при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-20.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №133 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-декабры № 728 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун укук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун тиркемесинин 2-пункту.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 728 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун башкаруу СХЕМАСЫ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | ||
|---|---|---|
| Борбордук аппарат ├───┤милдеттүү медициналык | Саламаттык сактоо реформасы жана камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңеш | |
| Аймактык башкармалыктар | ||
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №728 токтому менен бекитилген"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" жобоПоложение · 04.12.2009 · № 728
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 133 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 ноября 2003 года №715 " О реализации законов Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О…Постановление · 12.11.2003 · № 715
Шилтеме берет (6)
- Постановление Правительства КР от 15 апреля 2003 года №215 "О совершенствовании управления системой обязательного медицинского страхования в Кыргызской Республике"Постановление · 15.04.2003 · № 215
- КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу…Указ · 26.10.2009 · № 425
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №728 токтому менен бекитилген"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" жобоПоложение · 04.12.2009 · № 728
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 133 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 ноября 2003 года №715 " О реализации законов Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О…Постановление · 12.11.2003 · № 715
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндөЗакон · 22.10.2009 · № 283 · Күчүн жоготкон