# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-декабрындагы № 724 "Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-декабрындагы № 724 "Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 724
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13961/edition/382341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-декабрындагы № 724 "Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (01.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90362

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 1-декабры № 724 "Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене. Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
