# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы №722 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы №722 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 722
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13959/edition/594960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы №722 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жөнүндө" токтому (14.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90360

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 26-ноябры № 722 Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №133 токтомуна ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11 жана 12-статьяларын, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин укук мураскери болуп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент бир айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №133 токтомуна ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

Д.Үсөно
