# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 720
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13957/edition/685824/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтому (16.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90358

---

КР Ѳкмѳтγнγнγ 2015-жылдын 16-ноябры № 771 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 26-ноябры № 720 4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 544, 2013-жылдын 28-августундагы № 469, 2014-жылдын 27-августундагы № 491 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 4-топтогу мүлккө салык боюнча салык төлөөдө салык төлөөчүлөр үчүн салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке адамдар үчүн 4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө мөөнөтү учурдагы жылдын учурдагы жылдын 1-сентябрынан кеч эмес болуп белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 544, 2013-жылдын 28-августундагы № 469 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Д.Усөнов
