# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы N 715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы N 715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 715
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13953/edition/368647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы N 715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому (10.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90354

---

КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ №77 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 24-ноябры № 715 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №811, 2010-жылдын 12-февралындагы №99 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин жобосу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы.

2. Төмөнкүлөр өзгөртүп кайра түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментине;

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Улуттук китеп палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдүн укук мурастоочусу болуп саналсын:

- маалыматтык саясат жана архив иштеринин функцияларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин;

- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №99токтому менен күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №99токтомунун редакциясына ылайык)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009 жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы № 564 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-октябрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдында Кинематография боюнча департамент түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине алдындагы кинематография боюнча Департаменти жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 17-декабрындагы № 830 "ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы жөнүндө" токтому.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги өзүнүн чечимдерин эки айлык мөөнөттүн ичинде ушул токтомго ылайык келтирсин.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 715 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №811 токтомунун редакциясына ылайык)

```text
┌─────────────────────────────────┐
│ Борбордук аппарат │
└────────────────┬────────────────┘
```

V

| V V ┌─────────────────────────┐ ┌────────────────────────┐ └─────────────────────────┘ └────────────────────────┘ | Шаардык жана райондук маданият башкармалыктары, бөлүмдөрү |  | Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменти |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |

V V

| Агенттикке караштуу мекемелер: Театрлар, филармониялар, цирк, китепканалар, музейлер, маданият үйлөрү, клубдар, маданият жана эс алуу парктары, кинокомпания, кинотеатрлар, тарыхый жана маданий эстеликтер, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча Республикалык инспекция, "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо бюросу, Улуттук китепкана, Улуттук маданий борбор, "Манас ордо" Улуттук комплекси, Мамлекеттик Китеп палатасы, НИАМК "Сулайман-Тоо", Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" Улуттук киностудиясы, "Кыргызфильмофонд" Республикалык мамлекеттик киновидеофильмдер фонду, Достук үйү дирекциясы, Ч.Айтматов атындагы кино үйү дирекциясы, "Байчечекей" жана "Кырчын" журналдарынын редакциялары, Энциклопедия борбору, "Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейи | └────────────────────┘ | Маданият жана искусство окуу жайлары: Жогорку окуу жайлары, кесиптик орто окуу жайлары, М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык жатак-мектеби, балдар музыкалык мектептери, балдар көркөм мектептери, балдар искусство мектептери, квалификацияларды жогорулатуу факультеттери, бала бакчалар |
| --- | --- | --- |
