# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы №713 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы №713 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 713
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13951/edition/894687/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы №713 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (31.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90352

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 24-ноябры № 713 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июнундагы № 314 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Салык органдарында патенттерди берүүнүн тартиби , ыктыярдуу патенттин формасы жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ыктыярдуу патенттин - кассалык чектин формасы бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июнундагы № 314 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июнундагы № 314 токтомуна тиркеме

"Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө ыктыярдуу патенттин-кассалык чектин ФОРМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июнундагы № 314 токтомунун редакциясына ылайык)

|  | Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө ыктыярдуу патент - кассалык чек |
| --- | --- |
| Квитанциянын № |  |
| Идентификациялык салык номери |  |
| Аты-жөнү |  |
| Иш жүргүзүлгөн жер |  |
| Алгачкы патенттин сериясы жана номери |  |
| Иштин түрү |  |
| Жарактуулук мезгили |  |
| Патенттин суммасы |  |
| Салыкты төлөө күнү |  |
| Төлөм терминалынын дареги жана номери |  |

Эскертүү: Патентти же анын көчүрмөсүн ишкердик иш жүргүзүү максатында башка адамдарга берүүгө тыюу салынат.
