Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Окмотунун «Бишкек шаарынын администрациялык чек арасы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 23-ноябры № 711 Бишкек шаарынын администрациялык чек арасы жөнүндө
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн карамагында турган 7,0 га жердин эсебинен Бишкек шаарынын администрациялык чек арасын кеңейтүү маселеси боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кайрылуусун карап чыгып, Аламүдүн районунун Пригородный айыл кеңешинин 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 11 "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жерлерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен, Бишкек шаарынын коомдук муктаждыктарын канааттандыруу жана шаарга чектеш зонаны өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл өкмөтүнүн карамагында турган айыл чарба жерлерин кайрадан бөлүштүрүү фондунун жерлеринин эсебинен Бишкек шаарынын администрациялык чек арасы 7,0 га жерге кеңейтилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы жана Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун чек арасын өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы жана Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон